www.uzluga.ru
добавить свой файл
  1 2
Лю Фажун (1932-2006-жыл) шинжан эл адабият-көркөм өнөрчүлүк коомунун мурдагы орун басары төрагасы. Манас эпосу боюнча улуу кызматкер.

« …1961-62 жылдары мамлекетибиз табигый апаатка учурап кыйынчылык тартып алсыраган убагы эле.Мейли айылда же шаарда болсун аш-азык өтө кемчил, акча болсо да сатып алып жегенге мүмкүндүк жок.1961-жылы биз Кызыл-Суу агартуу мектебинин жыйын залы жана мугалимдер эс алчу үйүндө жатып «манасты» жазып алуу, которуу кызматын иштедик.Окуучулар ашканасынан тамак жедик. Бир күндө үч убак ар убакта өлчөмдүү 200 грамм бууда бышырылган нанын, конок ун атала менен жайлоо жайыттарда арпа жарма ичип жүрдүк. Жашылча да эт да жок.Дайыма тойбой жүрөбүз. Бир айлык аш нормобуз 15 килограммдан ашпайт.турмуш жагдайыбыз ошончолук начар эле. Бирок милдетибиз салмактуу ишибиз күрдөөл эле.Айрыкча Жусуп Мамайдын кызматы көп. Ал ар күнү эпосту улантып 10 сааттан 12 саатка чейин айтчу. Күндүзү да айтат, түнкүсүн да айтат.Жазып жаткан жолдоштордун колу талып, улам киши алмашып жазат.Бирок, манасчынын алмаштырганга болбойт. Жусуп Мамай тынбай йтып жатып өңү саргарып ,ээрди кеберсип кетет. Көрүп туруп чыдай албай боорубуз ооруп, аны арада бир-эки күн эс алдырып кайта эле айттырып жаздык.Манасчы бугу эч качан кеийп кепчиген эмес…»

Лаң Йиң : Жүнгө Коомдук Илимдер Академиясынын аз сандуу улуттар адабитын изилдөө институтунун башчысынын орун басары,доктор-профессор.

…Жусуп Мамай кезекте 8 бөлүктүү Манастын толук нускасын айта ала турган дүйнөдөгү бирден-бир манасчы болуп 230миң саптан ашуун келген эпосту жатка айта билет. Баштан бойго сыдыра айтышына бир жылдан ашуун убакыт кетет. Ар кайсы элдердин өзүнө менчик маданият мурагерлери , өздөрү сыйынган улуу инсандары болгон сыңары, Жусуп Мамай сегиз жашынан тартып Манас айтып кыргыздардын маданият көркөм иштери үчүн талыкпастан эмгектенип келди…..Мамлекетибиздин эл ооз адабиятынын баштоогу Жоң Жиңвин

мырза жусуп Мамайды «Заманыбыздын Гомери», «Мамлекетибиздин байлыгы» деп алкаган болучу…»

Чындыгында эле жогоруда сөз болгондой эпос топтоочу топ мына ушундай катаал жылдарда анын көлөмүнүн өтө эле чондугунан алыскы Ак-Чийде жазып бүтүү өтө эле кыйын болгондуктан аны Артыш шаарында улантышкан.Бул боюнча атактуу манасчы буларды айтып берген эле:

Ошол жылдары Манас топтойбуз деп Кызыл Суудагы кыргыздардын арасынан Манас билгендерден 30 -40 кишини Артышка топтоп, тогузунчу айдан жазга чейин билгендерибизди айттырып, жаздан


14.

күзгө чейин үйлөрүбүзгө жиберип, кайра сентябрь октябрь айларында кайра чогултуп, Манас топтоп жүрдүк.үч-төрт жылдан кийин баягыл келгендерибизди кайрадан тараттырып жиберди кайдан келсеңер ошол жагыңарга кеткиле деп.

Экинчи жолу Кытайдагы кыргыздар арасынан Манас эпосун жана башка элдик оозеки жомокторду топтоо иштери 1964-жылдын июнь айынан 1965-жылдын март айына чейин жүргүзүлгөн. Кытайдагы маданий революция чет жактагы кыргыздарга да жетип, ансыз да күнөөлөнүп жүргөн Жусуп Мамай маданий көнтөрүштүн далай азабын көрүп. ого бетер оор эмгекке салынып, аны менен сүйлөшкөндөн да айылдаштары чочулап калышкан.

Ошо менен кийин 1978-жылдардын ичинде Обкомдун секретары машина менен келди мени издеп. Ме мына бул кагазды колуңа ал .Сен туура эмес каралангансың. Мындан кийин акталдың азат болду башың --деди. Ушул машина менен Пекинге барасың ал жакка чакырып жатат,--деди. Азат болгон жаным кубанганымдан эмнеге барарымды да сураган жокмун Атса атып салсын жок дегенде Бээжинди бир көрүп өлөйүн дедим,- деп эскерет залкар манасчы.

Ошентип өмүрү көрбөгөн Пекинге бардым. Жок, барсам тосуп алышып, сыйлашып хансуча жакшы билген Сакен өмүр деген экөөбүздү Манасты кайра топтойсуңар деди. Ал эми 60-жылдары эки жолу чогултулган Манас ошол бойдон жок болуп кетиптир, кайда калганы белгисиз.Ошентип бир жыл өтүп өтпөй кат жаза ала ьурганымды көрүшүп, Манасты калыбына келтирүүнү толугу менен өзүмө тапшырды. Жазып бүткөнүмдө бир нече жүздөгөн нускада элден пикир алабыз дешип элге таратып, үч-төрт айдан кийин толук басууга уруксат беришти. Ошентип Манас Семетей Сейтектен кийинки беш мууну бардыгы болуп 18 том китеп болуп колго тийди. Бүткүл кытайлык жазуучулардын алтынчы сьездинде президумдун алдыңкы катарынан орун беришти.Чоң урмат-сый көрсөтүштү .Чындыгында эле алты миңден ашуун киши карап турганда, андайды мурун кийин көрбөгөндөн кийин катуу кысылат экенсиң. Кээ бирөөлөр мактанаар ,бирок мен эч качан андаймын, мындаймын деп мактанып көрө элекмин. Ошол мезгилде Дын Шоопун (День Сяопин) –өкмөттө экинчи катардагы киши эле . Мени атайын кабыл алганда кыргыздар өз эне тилинде окуусуна өтүнүч кат бердим.

Андан жарым жыл өтпөй эле кыргыз гезити, үн алгысы жолго коюлуп , балдарыбыз өз эне тилинде окуусу үчүн китеп каражаттары даярдалып , кийинки жылы мектептер ачылды.. Андыктан бүгүн 85тин чайын ичип отурганда эки гана нерсе жасаптырмын. Биринчиси агам калтырган китептерди окуп жүрүп ошолордун баарысын төкпөй чачпай кайра чогулта алганымда . Кудай таалабы же сегиз --тогуз жашымда

15.

Түшүмө кирген Ырамандын ырчы уулунун берген касетиби , айтор эмнеси болсо да кийин мугалим болуп иштеп жүргөндө бир эки күн мурда окуган газетаны тигиндей жерде бирөө кайсы жери кандай экенин карап турса, башынан аягына чейин бир да сөзүн калтырбай кайра айтып бере

алган жөндөмүм бар эле. Муну менен катар эле сөзүбүздүн башында белгилеп кеткен агам Балбай Ыбырайымдан жазып алган Манас үч илтигинин кийинки беш муунунда көп жери кара сөз менен жазылган эле , алардын баарысын ырга айлантып жибердим. Экинчиден болсо айтып кеткендей бул тараптагы азгине сандагы кыргыздардын өз эне тилинде окуусун уюштурганга салым кошуптурмун ,--деп сөзүн жыйынтыктаган эле, айтылуу Манасчы.

Ооба, компьютерден кем калбаган эс тутуму ,адабий чыгармачылык таланты бар манасчы Жусуп Мамай жеке эле улуу эпосубуз Манасты эмес, ондогон элдик оозеки чыграмалардын сакталып калышына алар жалпы эле кыргыз элинин баа жеткис маданий казнасына айлануусуна эбегейсиз салым кошконун да сөз арасында белгилеп кеткенибиз оң болор.

Сөзүбүз кургак болбосун үчүн республикабыздагы эл адабияты деп атаган элибиздин оозеки эпикалык чыгармалар сериясын түзгөн Толтой , Багыш сыяктуу көлөмү эр Төштүктүкүндөй болгон эпикалык дастан чыграмалардан турган айрым китептер Жусуп Мамай аксакалдын жараткан эмгектеринин натыйжалары. Тагыраак айтканда ала тоолук кыргыздарга белгисиз болуп келген «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Мамаке –Шопок», «Көбөн баатыр», «Тилекматтын баяны», «Шакыл Оосар» «Акбарак менен Гүлдөкан » сыяктуу элибиздин дастандары кызыл суулук кыргыздардын сүймөнчүлүктүү китептеринин бири катары Жусуп Мамайдын айтуусунда жарык көргөн . Алар белгилеп кеткендей өз ирети менен эл адабияты сериялар китептер жыйнактарында кыргызстандык окурмандардын колдоруна тийип келет.

Аксакал манасчы мындан сырткары да жалпы эле элибизге белгилүү болгон «Курманбек» , «Эр Төштүк,» «Жаңыл Мырза», «Кыз Сайкал» сыяктуу чакан эпостордун башка варианттарын басмага сунуштап, бастырып чыгарууга жетишкен. Бир сөз менен кыскартып айтканда Жусуп Мамай аксакалдын эмгегин карап отуруп . кандай гана зор иштерди аткаргандыгына таң бербей койбосун. Анын бул эмгегин менимче Кыргызстандагылар дагы-да болсо тиешелүү денгээлде баа бере албай келе жаткандайбыз.

Арийне баа демекчи биздин өкмөтүбүз тарабынан берилген сыйлыктарга да сары эсеп салып көрдүм. Жусуп Мамай аксакалды 1992-жылы Аскар Акаев атайын кабыл алган экен.1995-жылы Манас-1000 эл аралык мааракеде «Манас -1000» стол медалы менен сыйлаптыр. 1997-жылы 6-январда үрүмчүдө Аскар Акаевдин атайын Указы менен Жусуп Мамай аксакалга «Кыргыз республикасынын эл артисти» наамы тапшырылат.

16.

Ал эми 2007-жылы Жүнгө малекети тарабынан Жусуп Мамайдын 90 жашка толгон торколуу мааракеси Ак-Чий ооданында чоң салтанат менен өткөрүлөт.Чек аранын аркы тарабында Жүнгөлүктөр залкар манасчынын канчалык денгээлде урматтап жатканынан уялышканбы Манас ордени менен сыйлашып. Аны ошол кездеги маданият министри Султан Раев үрүмчүдө аксакалга өз колу менен тапшырып келиптир.

Сөзүмдүн башында белгилеп кеткендей бир жарым миллиард калкы бар бүтүндөй жүнгө мамлекети ХХ1 кылымдын тирүү Гомери деп аташкан залкар манасчы Жусуп Мамай аксакал быйыл 95ке чыкты. Мындай жашка чанда бир эле киши чыкпаса бары эле чыга бербейт. Демек баштап алган сөзүмдү андан ары жалгай турган болсом биз Кыргызстандагы кыргыз эли бул кишинин алдында дагы эле болсо карыздарбыз деп ойлойм мен жеке түшүнүгүмдө. Андыктан мени колдой тургандар табылса залкар манасчынын көзү тирүүсүндө жок дегенде Кыргыз Эл Баатыры деген республикабыздагы жогорку наамды ыйгарып коюшса деген илгери тилек билдирип кетет элем.

Ооба , Манас эпосун дүйнө цивилизациясынын баалуу мурасары катары статус берүү боюнча маселе келип чыккандан баштап, улуу эпосубузду кайра басып чыгаруу , манасчылардын кароо - сынактарын өткөрүү сыяктуу бир катар маселелер чечилүү алдында тургандай.

Кеч болсо да болгону жакшы дегендей мунусуна да кудайга шүгүр дейли, Ооба 1995-жылы Манастын 1000 жылдык мааракеси өткөрүлөр алдында да «чала молдо дин бузат»,-- дегендей өмүрү жазуучулуктан да манасчылыктан да өтө эле ыраак айрым тырмакча ичиндеги жазуучулар жаандан кийинки козу карындардай эле пайда болуп, Манастын түпкү атасы биздин уруудан дегенге чейин спекулациялоого барышкандардын , басып чыгарып жиберген китептери бүгүн да ар кимдердин үйлөрүндө сакталуу болсо керек..

Андыктан Манас эпосу Түштүктүкү да Түндүктүкү да эмес жалпы кыргыз элинин тарыхый баатыры. Бул улуу эпосубузду Саякбай, Сагымбай, Жусуп Мамай Жусубакун, Апай, Балык, Келдибек, Чоюке сыяктуу уюткулуу кыргыз элинин арасынан чыккан ар бир доордун залкар Гомерлери муундан муунга төкпөй - чачпай оозеки гана өткөрүп келген.Анын бир гана жөнөкөй себеби -Манас кыргыздыкы болгондуктан кыргыз Манас айткан. Андыктан мындан аркы Манас эпосун жандандырууда капталдан чыга калган жазуучулардан алыс болуп, улуу эпосубуз боюнча басылган китептердин баарысы тең республикабыздын Илимдер Академиясындагы окумуштуулардын, манасоведдердин резенцияларынан кийин гана басылса деген ой.

<< предыдущая страница